30-ноябрда кечки саат 18-00дө «Үйлөнүү» спектакли коюлат

Н.ГОГОЛЬ

 “ҮЙЛӨНҮҮ”

(Комедия)

Н.В.Гоголдун комедиясынын негизинде саханалаштырылган спектакль  19-кылымдагы орус элинин жашоо турмушун, кулк-мүнөзүн баяндайт. Ошол учурдагы орус элинин ээн-эркин жашай албай, а түгүл адамдар кенен-кесир үйлөнө албай баш кошуу маселесин да өз алдынча чече алышпайт. Анткени алар өз алдынча ой жүгүртө да албай калышкан. Бул көрүнүш бир чети күлкүңдү келтирсе, бир чети зээниңди кейитет.

  • Койгон режиссёру- З.Аклаева, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
  • Сүрөтчүсү – С.Ниязакунов
  • Костюм сүрөтчүсү – М.Тапаева
  • Музыкалаштырган — Музыкалаштырган- Кенжегазы Асанбаев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
  • Театрдын көркөм жетекчиси — Марат Козукеев КРнын эмгек сиңирген артисти
  • Театрдын директору – Назым Мендебаиров

29-ноябрда кечки саат 18-00дө «Бакбергендин балпайган бактысы» спектакли коюлат

Автору — Флорид Буляков. 

  • Которгон – Э.Турдубекова. 
  • Койгон режиссер – Замира Аклаева.                                                Сүрөтчү коюучу – Садыр Ниязакунов.                                        Костюм сүрөтчүсү – Мадина Тапаева.    
  • Жанр – трагикомедия.

Карылар үйүндө жашаган төрт курбу  байбиче Жаңы-Жыл алдында:  “Үстүбүздө үйүбүз, жаныбызда  жаман  абышкасыбыз болсо эмне?” — деп кыялданышат.  Ошол учурда, токойдогу үйүндө жалгыз жашаган, жалгыздыктан тажаган карыя да, өзүнө  ылайык кемпир караштыруу үчүн, ал жерге  Аяз Ата болуп  кийинип келет. Карылар үйүндөгү төрт курбу байбиченин кыялдарын угуп, аларды аяганынан, ал жерде калтырбай төртөөн тең  өз үйүнө алып кетет. Бул анын  балпайган  чоң  бактысы  болуп  калат.

Ролдордо: Калипа – С.Мырсалиева, А.Осмонова, А.Кыйыкбаева.  Анипа – Т.Абдразаева, Г.Кучербаева, Р.Орозова. Марипа-Ж.Жумалиева, А.Имашова. Салика – В.Сариева, Б.Жоробаева, А.Сөлпүева. Бакберген – Т.Жумагазиев, Н.Салидинов, Д.Байгожоев.

28-ноябрда кечки саат 18-00дө «Көздөн учкан Ата-журт» спектакли коюлат

Бексултан ЖАКИЕВ

 “Көздөн учкан ата журт”

  • Режиссёру- Э.Бекболиев, КР эл артисти
  • Сүрөтчү коюучу – Ю.Нурматов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер
  • Костюм сүрөтчүсү – З.Мукамбетова
  • Музыкалаштырган — К.Асанбаев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер

“Көздөн учкан ата журт” спектаклинде 1916-жылдагы кыргыз элинин биринчи боштондук кыймылы Үркүн темасы, Кытайга жансоога кылып качып барган элдин тагдыры сүрөттөлөт. Окуяда Миңжашаар аттуу каармандын кырдаалган жараша өзгөргөнү сүрөттөлөт.  Ал ошол учурдун катаал шартына жараша канчалык өзгөрсө да көкүрөгүндө  адамгерчилик уюткусу калган, чындыкты кашкайта бетке айткан адам болгон. Окуя негизгисинен кыргыз элинин башына түшкөн оор кайгыны, адамдардын ошондой катаал замандагы акыбалын баяндайт.

24-ноябрда кечки саат 18-00дө «Шанель айым» спектакли коюлат

Н.Коляда “Шанель айым”

Орус драматургиясынын көрүнүктүү драматургу Н.Коляданын “Шанель айым” аттуу трагикомедиясы  жалгыз бой, майып кемпирлердин “Ак бата” аттуу хор ансамблине чогулушу менен башталат. Алар бул ансамблде ырдап,  талантын элге тартуулашат. Ошол аркылуу өздөрүнүн жан дүйнөсүнө ырахат алышат. Тилекке каршы алардын катары улам суюлуп турат. Себеби кемпирлер оорулуу болгондуктан улам бири дүйнө сала берет. Ошондуктан топтун жетекчиси ансамблге толуктоо иретинде алардан алда канча жашыраак Роза Каңырышевна (Шанель айым) аттуу айымды алып келет.

Бирок ансамблдеги айымдар бир эсе анын сулуу, таланттуу экенине ичи күйсө, экинчи жагынан “жаш курагы дал келбейт, карый элек” деп топко кошкулары келбей аны кетирүүнүн түрдүү шылтоолорун издей баштайт.

Ансамблдин жетекчиси кемпирлерден алда канча жаш, келбеттүү мырза болот. Аны топтогу айымдардын баары жакшы көрүшөт. Алардын сүймөнчүгү болуп жүргөн жетекчиси Шанель айымды топко кошкусу келбеген айымдарга: “Эгерде топко Шанель айымды кошпосоңор мен аны менен кошо кетем. Ансамблди жабам” деген талабын коёт.

  • Режиссёр-коючу-КРнын Маданиятына  эмгек сиңирген ишмери З.Аклаева
  • Сүрөтчүсү-КРнын Маданиятына  эмгек сиңирген ишмери А.Конушбаев
  • Музыкалаштырган — КРнын Маданиятына  эмгек сиңирген ишмери К.Асанбаев
  • Режиссёрдун ассистенти –Ж.Жумалиева
  • Режиссёрдун жардамчысы – Д.Орозбекова
  • Ролдорду аткаруучулар:
  • Калима Пазыловна – Ж.Жумалиева, КРнын Эл артисти
  • Тамара Исраиловна- Ж.Сыдыкбаева, КРнын Эл артисти
  • Сайрагуль Абазовна – Ш.Алсеитова, КРнын Эмгек сиңирген артисти
  • Ираида Сегизбаевна – С.Мырсалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти
  • Назима Асековна – А.Осмонова
  • Асылбек Акылбекович – Н.Салидинов
  • Роза Каңырышовна – А.Имашова

23-ноябрда кечки саат 18-00дө «Күйөө бала» спектакли коюлат

С.Ахмад «Күйөө бала» (комедия)

Режиссёру – Эльвира Ибрагимова

Сүрөтчүсү – Ю.Нурматов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Музыкалаштырган – Абды Осмонов

С.Ахмаддын “Күйөө бала” пьесасы боюнча коюлган спектакль театрдын сахнасында көп жылдан бери коюлуп келе жатат. Анын бирден бир себеби спектаклдин маанай көтөргөн комедия жанрында болгондугу. Өзбек элинин менталитети, салт-санаасы жана эмгекчилдигин даңазалаган спектакль азыркы күндө да өз популярдуулугун жоготпой келет.

Ролдордо – КР эл артисттери Т.Актанов, К.Абылов, КР эмгек сиңирген артисттери Н.Турсунбаев, С.Мырсалиева, А.Сыдыгалиева, Ж.Көчөрбаева, В.Сариева, Ш.Алсеитова, Г. Кучербаева, К.Сейдалиева жана башкалар.

22-ноябрда кечки саат 18-00дө «Картаң айымдын келиши» спектакли коюлат

Ф.Дюрренматт “Картаң айымдын келиши”

(трагифарс)

Бул пьеса классикалык чыгармалардын катарына кирет. Окуя Европанын чакан шаарында өтөт. Шаардын жашоочуларынын  жумушу бүт кредитке байланышкан. Мындай жашоодон  кыргыздын карапайым эли да куру эмес. Бирок акча жүргөн жерде абийир да, адамгерчилик да экинчи планга кала берет эмеспи. Баарын акча чечээрин бүгүнкү жашоо айгинелеп турса, “Картаң айымдын келиши” спектаклди ого бетер ачыкка чыгарды. Ушундай кызыктуу окуяларга бай спектакль кыргыз көрүүчүлөрүн кайдыгер калтырбайт.

Койгон режиссёр – Ш.Дыйканбаев

Режиссердун ассистенти – Ж.Кангельдиев

Сүрөтчү коючу – С.Ниязакунов

Башкы ролдордо

КР эл артисттери: Г.Каниметова,  М. Алышпаев, КР эмгек сиңирген артисттери: К.Сейдалиева, Т.Жумагазиев жана башкалар

 

21-ноябрда кечки саат 18-00дө «Адам жана Азезил» спектакли коюлат

Ж.САДЫКОВ

«Адам жанаАзезил»

(драма)

  • Режиссёр коюучу – А.Сарлыкбеков, КР эл артисти
  • Сүрөтчү-коюучу – М.Шарафидинов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер
  • Музыкалаштырган – К.Асанбаев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер
  • Театрдын көркөм жетекчиси – М.Козукеев, КР эмгек сиңирген артисти
  • Театрдын директору – Мендебаиров Назым

“Адам жана азезил” чыгармасы бул – кадимки Библиядагы, ыйык курандагы Адам ата жана Обо эненин  турмушунан баштап, бүгүнкү күндөгү биздин замандын адамдарынын моралдык акыбалы, ыйман-адеби тууралуу баяндаган спектакль. Пьесада Адам ата менен Обо энени кантип шайтан азгырып, алар жер жүзүнө кеткени,  алгачкы адам өлтүрүү кандайча болгону, адамдык напси, ачкөздүк деген кандай нерсеге алып бараары, жексурлук күчөгөн жерде кандай уруш-талаштар болоору тууралуу кеңири чагылдырылат.

16-17-ноябрь кечки саат 18-00дө «Манастын уулу Семетей» спектакли коюлат

Жалил САДЫКОВ 

  • МАНАСТЫН  УУЛУ  СЕМЕТЕЙ
  • (Эпикалык драма)
  • Режиссеру – Ж.Абдыкадыров, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Б.Ибраев, КРнын эл артисти
  • Сүрөтчү коюучу – М.Исаков
  • Костюм сүрөтчүсү – М.Сыдыкбаев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
  • Музыкалаштырган – К.Молдобасанов, СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси

Элдик эпосубуздун негизинде жазылып-коюлган бул пьеса  бардык муундагы адамдарга, айрыкча жаштарга хрестоматиялык негизде көрүүгө зарыл чыгарма. Окуя — Семетейдин төрөлүшү менен башталып, андан кийин, анын бөтөн жерде эр жетип, кайрадан ата туурун издеп келгени, элин-элдеп, жерин жердегени менен аяктайт. Ата ордун баскан эр-азамат, элин-жерин коргоп, көптөгөн эрдиктерге  баш  койгон  даңазалуу  баатырлардан  болот.

Ролдордо: Семетей – Э.Осмонов, Атакан уулу Канболот, Бакай – Ч.Думанаев, Т.Сманбеков, Чыйырды – Ж.Жумалиева, А.Сыдыгалиева, Каныкей – Т.Абдразаева, А.Имашева, Р.Орозова, Жакып – Т.Актанов, Сарытаз – К.Сарыбаев, Абыке – А.Качкынбаев, Көбөш – Ж.Сманов, Ж.Касейинов, Ысмайыл – А.Мурадилаев, Тазбаймат – К.Абылов, Э.Эгембердиев, Кишимжан – Ж.Барманова, М.Асанбекова, Желдеңбай – М.Алышпаев, Б.Одуракаев, Эшен – Ш.Кыдырмаев, Д.Байгожоев, Эшик ага – Болорбек уулу Адыл, А.Осмоналиев.

 

 

 

Кыргыз драма театрында 26-27-октябрда «Шанель айым» спектакли коюлат

    Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 26-27-октябрда кечки саат 18-00дө Н.Коляданын «Шанель айым» спектакли коюлат.

  • Режиссёр-коючу КРнын Маданиятына  эмгек сиңирген ишмери З.Аклаева
  • Сүрөтчүсү КРнын Маданиятына  эмгек сиңирген ишмери А.Конушбаев
  • Музыкалаштырган — КРнын Маданиятына  эмгек сиңирген ишмери К.Асанбаев
  • Режиссёрдун ассистенти Ж.Жумалиева
  • Режиссёрдун жардамчысы – Д.Орозбекова
  •  
  • Театрдын көркөм жетекчиси – КР Эмгек сиңирген артисти – Марат Козукеев
  •  
  • Театрдын директору  КР жаштар сыйлыгын ээси
  • Назым Мендебаиров
  • Ролдорду аткаруучулар:
  • Калима Пазыловна – Ж.Жумалиева, КРнын Эл артисти 
  • Тамара Исраиловна- Ж.Сыдыкбаева, КРнын Эл артисти
  • Сайрагуль Абазовна – Ш.Алсеитова, КРнын Эмгек сиңирген артисти
  • Ираида Сегизбаевна – С.Мырсалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти  
  • Назима Асековна – А.Осмонова
  • Асылбек Акылбекович – Н.Салидинов
  • Роза Каңырышовна – А.Имашова

Орус драматургиясынын көрүнүктүү драматургу Н.Коляданын “Шанель айым” аттуу трагикомедиясы  жалгыз бой, майып кемпирлердин “Ак бата” аттуу хор ансамблине чогулушу менен башталат. Алар бул ансамблде ырдап,  талантын элге тартуулашат. Ошол аркылуу өздөрүнүн жан дүйнөсүнө ырахат алышат. Тилекке каршы алардын катары улам суюлуп турат. Себеби кемпирлер оорулуу болгондуктан улам бири дүйнө сала берет. Ошондуктан топтун жетекчиси ансамблге толуктоо иретинде алардан алда канча жашыраак Роза Каңырышевна (Шанель айым) аттуу айымды алып келет.

Бирок ансамблдеги айымдар бир эсе анын сулуу, таланттуу экенине ичи күйсө, экинчи жагынан “жаш курагы дал келбейт, карый элек” деп топко кошкулары келбей аны кетирүүнүн түрдүү шылтоолорун издей баштайт.

Ансамблдин жетекчиси кемпирлерден алда канча жаш, келбеттүү мырза болот. Аны топтогу айымдардын баары жакшы көрүшөт. Алардын сүймөнчүгү болуп жүргөн жетекчиси Шанель айымды топко кошкусу келбеген айымдарга: “Эгерде топко Шанель айымды кошпосоңор мен аны менен кошо кетем. Ансамблди жабам” деген талабын коёт.